Калыкбек Султанов кытайлык чиновник менен Кыргызстан - Кытай темир жолун куруу боюнча сүйлөштү

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 10-февралда Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Ван Сяотао менен жолугушту. Тараптар Кыргызстандын президенти менен Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда жана Кытай лидеринин атайын өкүлү Ян Цечинин Кыргызстанга иш сапары менен келишинде жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Кыргызстан - Кытай темир жолун куруу долбоору тууралуу да пикир алышты. Кыргызстандык делегация Кытайдын Коммерция министрлиги, Транспорт жана жүк ташуу министрлиги жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалганын КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан