"Кыргызстандык мигранттарга Орусиядан пенсия төлөтүп берүү сунушталууда". Муну Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында айтты.
“Ким каякта иштеп, салыкты каякка төксө, ошол жактан пенсия алышы керек. Ошондуктан биз учурда Орусиянын адистери менен сүйлөшүп жатабыз, алар биздин сунушка макул болушууда. Бирок алар маселени өкмөт чечерин айтышты”,- деди Абылгазиев. Жыйында Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат угулууда.