Жогорку Кеңештин комитети Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 10-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрдү. Анда Кыргызстандын 2014-жылдагы туристтик сезонунун жыйынтыктары жана 2015-жылга туристтик сезонду өткөрүүгө карата даярдыктар жана милдеттер жөнүндө маселе талкууланды.

Туризм департаментинин директору Максат Чакиевдин айтымында, өткөн жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 4 миллион 200 миңден ашкан, Кыргызстанда жылына 7 пайызга өсүш бере турган туристтик потенциал бар.

Комитет төрагасы Карганбек Самаков бир катар өлкөлөрдө республикалык бюджеттин 17 пайызына чейин туризм тармагына бөлгөн фактылар бар экенин билдирди. Ал эми Кыргызстанда анын көлөмү 1 пайызды дагы түзбөйт. 

Депутаттар, жыйынга катышкан мамлекеттик органдардын, коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан туризмди өнүктүрүү жаатында бир катар сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында укуктук-ченемдик базаны чыңдоо, салык-бажы мыйзамдарынын туризмге таасири тийген жактарын кайрадан карап чыгуу, туризмдин инфраструктурасын жакшыртуу, 2015-жылга 50 миллион сом бөлүү, бюджеттик ссуда берүү боюнча чечим кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан