Бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында мурунку башкы прокурор Аида Салянова өз үй-бүлөсүн коргоого бардык күчүн жумшаарын айтты. "Күйөөмө байланыштуу айтылган айыптоолор менин кызматтан кетишиме себеп болгон жок. Ага карата "кылмыш козголду" деген маалыматтар тараган, бирок бул маалымат чындыкка туура келбейт. Ал күбө катары суралды. Мен дагы бул ишти териштирип көрөм",- деди Салянова.
"Күйөөмө байланыштуу айыптар менен тааныштым, бул иштин соттук перспективасы жок. Сотко чейин жетпейт. Жетсе дагы ачык коомдук угуулар бардыгын өз ордуна коюп коёт",- деп кошумчалады Салянова.