Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 9-11-февраль күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстанда болду. Министр 9-февралда Тажикстандын президентинин жардамчылары Шерали Хайруллоев жана Эркинхон Рахматуллозода менен жолугушуп, аймактык коопсуздук, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана диний экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу пикир алышты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Эрлан Абдылдаев 10-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов менен жолугушту. Анда саясий, экономикалык кызматташтык, чек араларды делимитация жана демаркациялоо, энергетикалык, маданий-гуманитардык алакаларды бекемдөө тууралуу сүйлөшүү болду. Абдылдаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен да жолугушкан.