Бүгүн, 11-февралда маалымат жыйында мурунку башкы прокурор
Аида Салянова жаңы дайындалган башкы прокурор
Индира Жолдубаеванын бардык резонанстуу иштерди аягына чыгарарына ишенерин билдирди.
Салянованын айтымында, акыркы 3 жыл ичинде Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча көрсөткүчтөрүн жакшыртып, дүйнөлүк рейтингде 28 орунга жогорулаган. "Эгер коррупция менен күрөшүүдө ушул темп менен иш алып барылса, мындан да жакшы ийгиликтерге жетишебиз. Башкы прокурор болуп турганда жалпы коррупциялык системди көрө алдым. Өлкөдө коррупциясыз бир дагы тармак жок",- деди Салянова.
Андан соң саясатчыларга козголгон кылмыш иштери боюнча өз пикирин айтты.
"Мен адилеттүү соттук чечимдерге ишенем. Биз Ахматбек Келдибековдун ишин тоскоолдуктарга карабай сотко жеткирдик. Ал эми Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматов боюнча кылмыш ишин мен козгогон эмесмин. Мэрлер менин категорияма кирген эмес. Мен башкы прокурорлук кызматка киришкенде, кесиптештериме айткам, "кылмыш ишин козгоодо менден уруксат алуунун кереги жок" деп. Эгер иш сотко жетпесе же фактылар тастыкталбаса, мен аларга чара көрөм деп эскерткем. Ушундай принцип менен иштегем",- деди Салянова.