Жогорку Кеңештин 11-февралдагы отурумунда депутат
Курмантай Абдиев пенсия курагына жетпей каза болуп калган адамдардын Социалдык фондго төгүп келген акчалары кайда калып жатканына кызыкты. Абдиев Социалдык фонддун төрагасы
Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып:
"20-30 жыл эмгектенип, ай сайын алган айлыгынан социалдык төгүмдөрдү төгүп келип, бирок пенсия албай каза болуп калгандар бар. Алардын төгүп келген акчалары жөн эле фонддо калып калабы, балдарына өткөрүлүп берилиши керек",- деди.
Абылгазиев буга мыйзам жол бербей турганын айтты. "Фонддун резервинде эле калат, которуп берүү жагы мыйзамда каралган эмес. Ошондуктан жакында пенсияга жетпей каза болуп калган адамдын төгүмдөрүн балдарына которуп берүү боюнча демилге алып чыгабыз",- деди Абылгазиев.