Кыргызстандын жергиликтүү соттору 2014-жылы 165 567 ишти карашкан

Кыргызстандын жергиликтүү соттору караган иштердин саны 2014-жылы 7,7 пайызга өстү. Жергиликтүү соттор 2013-жылы 153 658 соттук материалды карашса, 2014-жылы бул көрсөткүч 165 567ни түздү. Маалыматты 11-февралда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Каралган иштердин ичинен 15 087 материал боюнча жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берилсе, 6463 соттук акт боюнча көзөмөл арыз берилген (сотто каралган иштердин 13,1 пайызы). Даттануулардын 10 205и же 47,4 пайызы боюнча сот чечимдери күчүндө калтырылганы айтылды.      
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан