Жогорку Кеңеш 11-февралда Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө мекеме башчысынын отчётун укту. Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү 34 миллиард 650 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 34 миллиард 22 миллион сомду, бюджеттин каржы калдыгы 628 миллион сомду түздү.
Эсептөө палатасынын өкүлү 2013-жылга карата Социалдык фонддун ишинде орчундуу кемчиликтер кетирилбегенин, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилгенин билдирди.
Талкууда каражатты үнөмдөө максатында аскер кызматкерлеринин пенсиялык жаш курагын 47 жаштан 57 жашка чейин жогорулатуу, инфляция өлчөмүнө жараша пенсияны маал-маалы менен көтөрүп туруу, каза болгон жарандардын пенсиялык топтомунда чогулган каражаттарды үй-бүлөсүнө кайтарып берүү тууралуу сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында депутаттар Социалдык фонддун 2013-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчётун кабыл алышты.