Кеңешбек Рахманов Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Кеңешбек Рахманов Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. ИИМден билдиришкендей, тийиштүү буйрукка ички иштер министри Мелис Турганбаев кол койду. Жаңы жетекчини жамаатка ИИМдин Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков тааныштырып, ага ийгиликтерди каалады. Аталган кызмат жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын кошумчалады. 
Айта кетсек, Кеңешбек Рахманов буга чейин Ош ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан