“Кыргызстандын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-февралда 3-окууда карады.
Демилгечилер бул сунуш акыркы мезгилдерде республикада тамак-аштан уулануу, инфекциялык оорулар көбөйүп жаткандыктан, мындай терс көрүнүштөр сапатсыз азык-түлүк жана ичүүчү сууну пайдаланууда санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын күчөтүү максатында иштелип чыкканын айтышты. Азыркы учурда мамлекеттик айып пул орто эсеп менен 100 сомдон 2000 сомго чейин. Бул суммага 500 сомдон 1000 сомго чейин кошуу сунушталууда.
Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.