Кыргызстандан Кытайга беде экспорттоо маселеси Бишкекте талкууланды

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев 10-февралда Кытай энергетика департаментинин жетекчиси Ли Ляньчао менен жолугушту. Жолугушуунун максаты - Кыргызстандан товарларды түздөн-түз Кытай мамлекетине экспорттоо маселесин талкуулоо. Аталган министрликтен билдиришкендей, Ляньчао Кыргызстанга биринчи жолу келгенин, айыл чарба багытына көп көңүл бурарын белгиледи. "Кытай импорттой турган негизги товар - беде. Министр учурда Кыргызстанда бедени иштетүүчү атайын каражаттар жок болгондугуна байланыштуу Кытай менен бирге иш жүргүзүлсө, алар Кыргызстанга техникалык жабдуулары менен келишерин айтты. Дыйкандарга техникалык жактан жеңилдиктер болорун да билдирди",- деп билдирет министрлик.        
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан