Аскер кызматкерлеринин ден соолугун милдеттүү түрдө камсыздандырууга багытталган демилге 2-окууда каралды

Аскер кызматкерлеринин ден соолугун милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 11-февралда 2-окууда карап, добуш берүүгө жиберди. Аталган мыйзамдын 3-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган камсыздандыруу учурлары келип чыкканда, эгерде аскер кызматкерлери каза болуп же майып болуп калса, бир жылдын ичинде камсыздандыруу белгиленген. 

Демилгечилердин айтымында, ал адам курман болгонго чейин бир нече ирет камсыздандырылган болсо, анда ал үчүн бир камсыздандыруу каражаты гана төлөнүп берилет. Мисалы, аскердик милдетин өтөөдө майып болуп калса, 1 миллион сомго чейин акы төлөнөт. Эгерде майып болуп, бир жылга жетпей каза болуп калса, 300 миң сомго чейин каражат бөлүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан