Депутаттык топтордун фракциядан тышкары болушуна тыюу сала турган мыйзам долбоору артка кайтарылды
"Жогорку Кеңештин депутатынын статусу тууралуу" мыйзамга толуктоо киргизүү демилгеси 2-окууда кайра карап чыгуу үчүн артка кайтарылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 11-февралда кабыл алды. Буга "депутаттык топтор фракциядан сырткары болбой туруп, депутаттык топ түзүүгө болот" деген пункт себеп болду. Бирок депутаттар аталган демилгени кайра карап чыгып, бул пунктту алып коюу керектигин айтышып, жыйынтыгында артка кайтаруу чечимине токтолушту. Мыйзам долбоору депутаттык топтор фракциядан тышкары боло албай тургандыгы боюнча чечимди аткартууга багытталган.