Алмазбек Атамбаев Ирандын президентин Революция күнү менен куттуктады

Бүгүн, 11-февралда президент Алмазбек Атамбаев Ирандын президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында мамлекет башчы Кыргызстан менен Иранда эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. “Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн өнүгө берерине ишенем”,- деп айтылат телеграммада.

Алмазбек Атамбаев Ирандын президентине чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми Ирандын элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан