Фарид Ниязов, президенттин кеңешчиси: "Аида Саляновада толук колдоо жана эркиндик бар болчу"

"Аида Салянова башкы прокурор болуп иштеп турганда ага толук саясий колдоо жана эркиндик берилген". Муну бүгүн, 11-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди.

Ниязов экс-башкы прокурордун "коррупцияга каршы күрөшүүдө мамлекет башчы тараптан саясий колдоо болбосо, ийгиликке жетүү кыйын" деген сөзүнө кошулат. 

"Аида Жеңишбековна туура айтат, кылмыштуулукка каршы күрөштө, айрыкча коррупцияга каршы турууда мамлекет башчынын саясий колдоосу болгондо гана кандайдыр бир ийгиликтерге жетишсе болот. Аида Салянова башкы прокурор кызматында иштеп турган учурда саясий колдоо көрсөтүлүп, толук эркиндик берилген",- деди Ниязов.

Анын айтымында, А.Салянованын "жогорку кызматтагы ар бир аткаминер сыяктуу эле башкы прокурорго карата айыптоолор, ушактар жана имиштер көп болот экен" дегени да туура. 

"Көпкө чейин прокуратуранын ишине башкы прокурордун жакын адамдары кийлигишип жаткандыгы тууралуу маалыматтар тоголок арыз, ушак жана оозеки айыптоолор түрүндө болуп келген. Ошондуктан Алмазбек Шаршеновичтин бул маалыматтарга карата мамилеси дагы ошого жараша болгон. Бирок так фактылар аныктала баштаганда, менин билишимче, Аида Жеңишбековнага бул боюнча жыйынтык чыгарууга сунуш кылынган. Чындыгында эле отставка тууралуу арыз президенттин "Эми мындай иштерден кийин мен сизге кантип ишене алам?" деген сөздөрүнөн кийин жазылды. Менимче, Алмазбек Шаршенович башкача жоопту күткөн эле. Жыйынтык чыгарылды, бирок президент болжолдогондой жыйынтык чыккан жок",- деп билдирди кеңешчи.

Ал белгилегендей, президент Аида Салянованын эмгегин, эң жогорку көзөмөлдөөчү органды жетектеп турганда көрсөткөн анын кайраттуулугун жана чыдамдуулугун жогору баалайт.

"Биз анын президенттин командасындагы эң ишенимдүү адамдардын бири болгондугун жакшы билебиз. 2014-жылдын 27-декабрындагы маалымат жыйынында анын дарегине президент тарабынан айтылган жылуу сөздөр чын жүрөктөн чыкканын билем. Аида Жеңишбековна убактылуу кыйынчылыктарды жеңип, Кыргызстандын келечеги үчүн иштейт деп ишенебиз.

Салянованын билдирүүсүндө президенттин тегерегиндеги адамдардын кайсы интригалары тууралуу айтканы гана түшүнүксүз. Аида Салянова өзү мамлекет башчысына эң жакын адамдардын бири болгондуктан, Алмазбек Атамбаевдин иш стилин, президент бардык фактыларды кайра-кайра текшерерин, кайсы бир адамдар анын пикирин бурмалоого жол бербестигин жакшы билет.

Ошону менен бирге коррупцияга каршы күрөш мындан ары дагы күчөтүлөрү шексиз. Бүгүнкү күндө жасалгандар - айсбергдин чокусу гана. Коргоо кеңешинин жумушчу тобу жаңы дайындалган башкы прокурор Индира Жолдубаева менен бирдикте, башка укук коргоо органдары, министрликтер жана ведомстволор менен биргелешип системдүү жана саясий коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу программалары ишке ашырыла баштады. Биз дагы көптөгөн коррупциялык схемалардын бетинин ачылышына күбө болобуз деп ойлойм",- деди президенттин кеңешчиси.

Эскерте кетсек, Аида Салянова бүгүн маалымат жыйында "кызматтан кетишиме президент тарабынан колдоо болбой калганы себеп болду" деп билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан