Кыргыз-кытай соода-сатык жаатында транспорттук коридор түзүү маселеси талкууланды

КРнын Транспорт министри К.Султанов Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Лянюнгань шаарынын жетекчилиги жана Ши Хайбо аймактык кызматташтык боюнча демонстрациялык зонанын партиялык комитетинин катчысы менен жолугушту. 

Жолугушууда кыргыз-кытай соода-сатыгынын алкагында транспорттук коридорду түзүү долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Ошондой эле Лянюнгань шаары менен Транспорт министрлигинин ортосундагы кызматташтык боюнча протоколго кол коюу сүйлөшүлдү. Тараптар долбоорлорду ишке ашырууда жигердүү аракет кылууга даярдыктарын билдиришти. Бул тууралуу 11-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан