Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековду камакка алуу үчүн сотко кайрылды

Башкы прокуратура парламент депутаты Ахматбек Келдибековду Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго камакка алуу боюнча сотко өтүнүч келтирди. Бул тууралуу 11-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 
Депутаттын адвокаты бүгүн, 11-февралда Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот ишин кайра жандантууну өтүндү. Мындай шартта дарылануу курсунан өтүп келген Келдибековду үй камагында кармоо өкүмү маанисин жоготту деп эсептейт Башкы прокуратура. Депутатка тагылып жаткан айыптын оордугун эске алуу менен жана депутат күбөлөрдү жана башка сот өндүрүшүнө катышуучуларды коркутуп, соттук териштирүүнүн калыс өтүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн деген жүйө менен аны кайрадан камакка алууну соттон суранды. 
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында соттун чечими менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан