Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 38 сомго түштү

Кыргызстанда бензиндин баалары 2014-жылдын апрель айындагы көрсөткүчкө түштү. 12-февралга карата Бишкек шаарындагы унаага май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 41 сом, АИ-92 38 сом 30 тыйын, АИ-80 31 сом, дизель майы 32 сом болууда. Айрым май куюучу жайларда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42 сом, АИ-92 39 сом 40 тыйын, АИ-80 32 сом, дизель майы 34 сом 50 тыйындан сатылууда.
Мындан бир нече күн мурун (29-январда) баалар төмөнкүдөй эле:
АИ-95 - 43 сом 80 тыйын 
АИ-92 - 39 сом 50 тыйын 
АИ-80 - 31 сом 
дизель майы - 32 сом 
Айрым май куюучу жайларда:
АИ-95 - 45 сом 
АИ-92 - 41 сом 40 тыйын
АИ-80 - 33 сом 
дизель майы - 34 сом 50 тыйын 
Ал эми 2014-жылы баалардын өзгөрүшү төмөнкүдөй болгон:

Январь - 37 сом 80 тыйын;

Апрель - 38 сом 80 тыйын;

Июль - 39 сом 50 тыйын;

Октябрь - 47 сом 80 тыйын;

Декабрь айынын башында - 49 сом 90 тыйын;

Декабрь айынын ортосунда - 47 сом 90 тыйын. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан