Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева 11-февралда Германия Бундестагынын экс-вице-спикери, Германиянын мурдагы федералдык министри Эдуард Освальд менен жолугушту. Вице-спикер Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташуусундагы Германиянын өзгөчө ордун белгилеп: "Германия -Кыргызстандын приоритеттүү өнөктөштөрүнүн бири. Кыргыз тарап бүгүнкү күндө көп кырдуу, жемиштүү мүнөздөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр",- деп билдирди.
Жолугушууда парламенттер аралык мамилелерди бекемдөө тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирет ЖКнын маалымат кызматы.
Освальд Германия тарап Кыргызстандагы демократия баалуулуктарын жана парламентаризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантарын айтты. "Биз Кыргызстандын парламентине болуучу шайлоолорго даярдыктардын жүрүшүнө чоң кызыгуу менен байкоо салып жатабыз. Биздин оюбузча, алдыдагы парламенттик шайлоолор өлкөнүн өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойнойт. Анткени анын жыйынтыктары Кыргызстандагы парламенттик демократиянын жетишилген деңгээлинин көрсөткүчү болуп эсептелет",- дейт Освальд.
Жолугушууда кыргыз тараптын Кыргызстан жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүү сунушу дагы талкууланып, Освальд бул багытта тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн белгиледи.