Минск: Украинадагы кырдаал Путин, Порошенко, Меркель жана Олланддын катышуусунда талкууланууда

Беларустун борбору Минск шаарында Украинанын чыгышындагы кырдаалды талкуулоо боюнча "Нормандия форматындагы" саммит өтүүдө. Ага Орусия президенти Владимир Путин, Украина президенти Пётр Порошенко, Франция президенти Франсуа Олланд жана Германия канцлери Ангела Меркель катышууда. 11-февралда түн оогондо башталган жыйын аяктай элек. Орусиялык маалымат булактары сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатканын жарыялашууда. Саммит жабык форматта өтүүдө, андагы сүйлөшүүлөр тууралуу комментарий берүүдөн дээрлик бардык делегациянын өкүлдөрү карманышууда. Акыркы сааттарда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөр кандай нукта өтүп жатканы тууралуу журналисттердин суроосуна "Супер!" деген жооп узатты.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан