Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева өкмөттү билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кадр маселесин тезирээк чечүүгө чакырды. Депутат Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо бүтпөс ишке айланганын айтат. "6 айдан бери КУУ башкы жетекчиси жок иштеп жатат. Жаңы дайындалган билим берүү министри буга көңул буруп, маселени чечсе болмок. Мындан тышкары бир топ саламаттыкты сактоо мекемелеринде да жетекчилер жок. Бул тармакты көзөмөлдөгөн министр кадр маселеси боюнча чечим чыгарышы керек",- деди депутат.