Кыргызстанда гемофилия менен жабыркагандарга жылына 13 миллион сом бөлүнөт. Муну парламенттин 12-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирип, бул каражат жетишсиз экенин айтты. Депутат гемофилиядан жабыркагандар тобунан кайрылуу түшкөнүн кошумчалады. "Өлкөдө бул илдеттен жабыркаган 300дөй жаран бар экен, аларды дарылоого бюджеттен жылына 13 миллион сом бөлүнүүдө. Бул суммага быйыл 15 миллион сом кошууну сунуштайм. Кантсе да адамдын өмүрү тууралуу сөз болууда, каражатты тапса болот. 15 миллион сом өкмөткө анчалык деле көп акча эмес",- деди депутат.
Сунуш өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө айтылды.