Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Надира Нарматова парламенттик кабарчылардын билим деңгээлин, тажрыйбасын текшерүүнү сунуштады. Анын айтымында, парламенттин басма сөз кызматы мамлекеттик жана расмий тилдерди мыкты билген, жумуш тажрыйбасы талапка жооп берген татыктуу журналисттерди гана аккредиттөөдөн өткөрүшү керек. "Өткөндө бир басылма менин "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деп айткан сөзүмдү бурмалап салган. Мен айткан сөз кыргыздын сонун эле макалы. Бул жерде көп маалыматтар айтылат, ошондуктан парламентке ишине ылайыктуу гана журналисттер кириши керек",- дейт депутат.