Чолпон Султанбекова Баткендеги жогорку окуу жайларды колледжге айлантууга каршы экенин билдирди

Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Баткен мамлекеттик университетинин институттарын колледжге айландырууга каршы экенин билдирди. Депутаттын билдиршинче, аталган университеттин окутуучулары менен студенттери өкмөттүн жогорку окуу жайларды оптималдаштыруу боюнча токтомунун негизинде 20 жылдык тарыхы бар Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктүдөгү гуманитардык-экономикалык институтун, Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук институтун, Кызыл-Кыядагы гуманитардык-педагогикалык институтун колледжге айландырууга нааразы.

"Билим берүү тармагын реформалоо үчүн жасалып жаткан иштер колдоого аларлык. Бирок биз Баткен облусундагы начар социалдык-экономикалык абалды, күн сайын күчөп жаткан ички жана сырткы миграцияны, чек арадагы кооптуу абалды эске алышыбыз керек. Жашоочулардын басымдуу бөлүгү балдарын Бишкектен же башка жактан окутууга материалдык абалдары жол бербейт. Жогорудагы аталган окуу жайлардан бүткөн адистер жергиликтүү мекеме-ишканаларда эмгектенип келишет",- дейт депутат.

Султанбекова бул маселени өкмөт кайрадан карап чыгып, аталган ЖОЖдорду бүгүнкүдөй курамда калтыруу зарыл деп эсептейт.

Маалыматка таянсак, аталган окуу жайлар бүгүнкү күнгө чейин 5000ден ашуун адистерди даярдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан