Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров зомбулукка кабылып ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге парламент төрагасынын фондунан акча бөлүнгөнүн айтты. Анын билдиришинче, парламент аппаратынын кызматкерлери ооруканага барып, баланын абалы менен таанышып келишти. "Ибрагимдин оор абалдан чыкканы тууралуу жакшы кабар алдык. Мындан ары да ага парламент тарабынан жардам көрсөтүлөт",- деп билдирди Зулпукаров.
Айта кетсек, бүгүнкү парламент жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева кесиптештерин ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге айлыктарынын эсебинен акча бөлүүгө чакырган.