Эсенгул Исаков "быйыл да кургакчылык болушу мүмкүн, эмитен даярдык көрөлү" деди

"Көп жылдык байкоолорго таянсак, 10 жыл сайын кургакчылык кайталанат. Быйыл кургакчылык кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан азыртадан каражат бөлүп, өлкө аймагындагы сугат системин оңдоону баштоо зарыл". Мындай пикирди депутат Эсенгул Исаков Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында билдирди.

"Кыргызстан быйыл май айында Бажы биримдигине кошулат. Буга байланыштуу малчыларды мал башын идентификациялоо маселеси да тынчсыздандырууда. Мыйзам өткөн жылдын ноябрь айынан тарта күчүнө киргенине карабастан, тиешелүү органдар менен мекемелер тарабынан азыркыга чейин иш жүрө элек",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан