Бүгүн, 12-февралда Кара-Балта шаарындагы "Жунда" ишканасы депутат
Кантемир Мурзабеков менен өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары
Рустам Абдыкалыковдун ортосунда пикир келишпестик жаратты.
Депутаттын айтымында, аталган ишканадан чыккан жагымсыз жыт Кара-Балта шаарын каптоодо. "Жергиликтүү тургундар буга көптөн бери арызданышууда, бирок эч кандай чара көрүлбөй жатат",- деди Мурзабеков.
Буга чиновник "Биз текшерүү өткөргөнбүз, бирок нормадан ашыкча көрсөткүч болгону аныкталган эмес. Эч кандай жагымсыз жыт чыкпайт" деп жооп берди. Мындай жоопко канааттанбаган депутат "Сиз ал жерге барганда сасык тумоо менен ооруп калсаңыз керек. Ал жерде чыдагыс жагымсыз жыт чыгып турат!" деди.
Айта кетсек, буга чейин
Кара-Балтанын тургундары “Жунда” мунай иштетүүчү ишканасынан шаарга кеткен борбордук канализацияны токтотуп, башкасын орнотуу талабын айтышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште өткөн жылдын декабрында көтөрүлгөндө премьер-министр ишканада экологиялык көйгөйлөр көп экенин айткан.