Банкроттук жөнүндө мыйзамдын жоболору кайрадан ыраатташтырылат

Парламенттин 12-февралдагы жыйынында өлкөдөгү кудуретсиздик жол-жоболорун ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министрлигинин билдиришинче, банкроттук жол-жобосун жүргүзүү тажрыйбасы администраторлордун ишинин ачыктыгына жана натыйжалуулугуна карата суроолорду пайда кылууда. Аларды белгиленген ченемдерди бузуп, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай, банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруп келери айтылды.

Ошондуктан кредиторлордун кызыкчылыктарын жана укуктарьн коргоо жана администраторлордун ишинин натыйжалуулугун кеңейтүү, тартипти чыңдоо, чыгымдарды кыскартуу жана банкроттук жүрүмдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чаралары сунушталууда. 

Талкууда банкротко кабылган ишканаларга башкаруучулар Экономика министрлиги же сот тарабынан дайындала турганы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан