Январь айында бюджеттик ссудалар жана насыялар боюнча карыздарды кайтаруудан 331,3 миллион сом түштү

Республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттери тарабынан 2015-жылдын январында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карыздарды кайтаруу 331,3 миллион сом суммасында камсыз кылынды. Анын ичинде негизги карыз – 162,81 миллион сом, пайыздар жана айып пулдар – 168,49 миллион сом. Бул тууралуу 11-февралда Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, чарба жүргүзүүчү субъекттер чет өлкөлүк насыя боюнча 197,63 миллион сомго, бюджеттик ссудалар боюнча 133,67 миллион сомго зайым каражаттарын жабышты.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2015-жылдын январындагы бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды жабуунун көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:

Көрсөткүчтөр

2015-жылдын январында карызды жабуу (миллион сом менен)

2014-жылдын январында карыздын жабылышы (миллион сом менен)

2014-жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен 

Негизги карыз

162,81

117,26

138,8 пайыз

Пайыздар жана айып пулдар

168,49

36,45

462,2 пайыз

Бардыгы

331,3

153,72

215,5 пайыз

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан