Бишкектеги унаага май куюучу жайларды шаар сыртына чыгаруу боюнча сот иштери жүрүп жатат

Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүдө акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салуу үчүн иштелип чыккан.

Талкууда депутат Эркин Сакебаев чет өлкөлөрдү мисал келтирүү менен Бишкек шаарынын ичиндеги унаага май куюучу жайларды шаар сыртына чыгаруу маселесин көтөрдү. Мамлекеттик экологиялык-техникалык экспертиза мекемесинин өкүлү бул боюнча сот иштери жүрүп жатканын айтты. 

Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан