Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз катчысы
Айнура Токтошева жана
Малайзияга мамлекеттик иш сапар менен барган делегациядагы журналисттер бүгүн, 12-февралда КРнын аталган өлкөдөгү элчилигинде болушту.
Алар Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанов менен жолугушуп, делегациянын журналисттеринин атынан Айнура Токтошева мекемедеги "Ардактуу коноктор" китебине куттуктоо сөзүн жазды. Ал элчиликтин ишине ийгилик каалап, мекеме эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдээрине ишенерин билдирди. "Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жаткан элчиликтин иши жемиштүү болсун",- деди Айнура Токтошева.