Бүгүн, 12-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын коллегиялык жыйыны өтүп жатат. Анда Бажы кызматынын 2014-жылдагы аткарылган иштери жана 2015-жылга карата иш планы каралууда. Андан сырткары жыйынга Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна байланыштуу 2015-жылдын биринчи жарымында бажы төлөмдөрүнүн киреше бөлүгүнүн аткарылышын кароо коюлган.