Бажы кызматы: 2014-жылы бажы алымдары 500 миллион сомго ашыкча жыйналды

Мамлекеттик бажы кызматы 2014-жылы бажы алымдарын 500 миллион сомго ашыкча жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов 12-февралда өтүп жаткан мекеменин коллегиялык жыйынында билдирди. "2014-жыл биз үчүн ийгиликтүү жыл болду. Анткени өкмөт биздин алдыбызга бажы алымдарынан 42 миллиард 100 миллион сом жыйноо талабын койсо, биз ашыгы менен жыйнап, 42 миллиард 600 миллион сомго жеткирдик",- деди Жунусов.  
Жунусов Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна карата Бажы кызматы активдүү иштеп жатканын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан