Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу медициналык мекемелерде абал оор

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгына караштуу 13 медициналык-санитардык бөлүм, 2 борбор жана 4 стационардык дарылоо мекемеси бар. Муну 12-февралда ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди. Аталган мекемелерде бейтаптар үчүн жалпы 972 орун бар экени айтылды. "Мекемелерде медициналык кызматкерлер жетишпейт, айлыктын аздыгынан кадрлар иштегени келбей жатышат. Медициналык жайлардын материалдык-техникалык базасы кейиштүү абалда. Медициналык жабдуулардын көбү өткөн кылымдын 70-жылдарында чыгарылган" деп айтылат маалыматта. 
Абактардын ооруканаларынан көбүнчө кургак учук менен жабыркагандар көз жумары кошумчаланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан