Орусиядан Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү жылдан-жылга төмөндөөдө
Орусиядан Кыргызстанга келген товарлардын көлөмү жылдан-жылга төмөндөөдө. Бул тууралуу 12-февралда Бажы кызматынын коллегиялык жыйынында айтылды. Ал эми Орусиядан келген товарлардын санынын кыскарып жатышына Орусиядагы экономикалык абал түрткү болууда. Мисалы, 2013-жылы Орусиядан кирген вагондордун саны 3334 болсо, 2014-жылы 1740ты түзгөн. Булардын 90 пайызы күйүүчү май менен курулуш материалдары. Кытайдан келген товарлардын көлөмү өсүп жатканы айтылды.