Бишкекте май айында Эл аралык "Гендердик теңчиликти камсыздоодогу парламенттин ролу" аттуу конференция өтөт

Бишкек шаарында 2015-жылдын май айында Эл аралык "Гендердик теңчиликти камсыздоодогу парламенттин ролу" аттуу конференцияны өткөрүү пландалууда. Иш-чарага бир катар чет өлкөлөрдөн делегациялардын келиши күтүлүүдө. Анда гендердик саясат жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууда парламенттин эле эмес, өкмөттүн дагы ролу жогору экени талкууланат. Бул тууралуу вице-спикер Асия Сасыкбаева 12-февралда "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди.

"Пекин декларациясы менен аракеттенүү платформасын турмушка ашырууда парламент менен өкмөт гана эмес, жарандык коом дагы мобилизацияланышы керектигин учур табалы көрсөтүүдө. Бул багытта да кеңири талкуу уюштурулат",- дейт вице-спикер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан