Бүгүн, 12-февралда Ош шаардык кеңешинин кезексиз 25-жыйыны болуп өттү. Анда Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджети кабыл алынды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сессиянын күн тартиби боюнча Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин бекитүү, 2016-2017-жылдарга карата болжолун, калаанын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүү маселеси каралды.
Жыйында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров быйылкы жылдын бюджети 2014-жылга салыштырмалуу бир топ өскөндүгүн белгиледи.
“2014-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 787 миллион 70 миң сомду түзсө, 2015-жылы 930 миллион 663 миң сомго көтөрүлдү. Салык эмес кирешелерден 59 миллион 400 миң сом, атайын каражаттардан 100 миллион 296 миң сом, салык кирешелерден 770 миллион 967 миң сом чогулат. Ал эми чогултулган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн бир топ ишканаларды кыскартууга чейин бардык”,- деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров.
Жыйындын жүрүшүндө сессияга катышкан депутаттар стратегиялык курулуштарды куруу жагына да көңүл буруу керектигин сунушташты. Курулуштарга каражаттар жергиликтүү бюджеттен эмес, инвестиция тартуу жолу аркылуу ишке ашырыларын билдирди шаар мэри.
“Ош шаарында 2014-жыл жемиштүү жылдардан болуп, бир топ эл аралык спартакиадалар болду. Бирок бизде олимпиадалык деңгээлде талаптарга жооп бере турган спорттук жайлар аз. Ошондуктан чоң спорт сарай куруу үчүн Иран мамлекетинен 1 миллион доллар инвестиция тартуу маселеси каралып, Жогорку Кеңештен ратификация болгон. Бирок ал мамлекетке санкция киргизилгендигине байланыштуу бизге акча которулбай турат. Бул маселе жакын арада чечилип калат деген үмүттөбүз. Ош шаардык мэриясы болсо спорт сарайын куруу үчүн жерди бөлүп, бардык документтерин даярдап койгон”,- деди Айтмамат Кадырбаев.
Сессиянын жыйынтыгында бир канча алымча-кошумчасы менен Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин жергиликтүү эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп беришти. Иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, коомдук жарандардын өкүлдөрү катышты.