Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов жолбун иттерди атууга каршы

Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасы 2014-жылы 10 178 жолбун ит атылганын билдирди. Бул тууралуу шаар башчысы Кубанычбек Кулматов 11-февралда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. "Негедир бул айтылган сандарга ишене албадым. Жарандар менен болгон дээрлик ар бир жолугушууда ушул маселе көтөрүлөт. Териштирип көрөбүз. Жолбун иттерди көзөмөлгө алуунун гумандуураак жолун ойлонуп көрүүнү сунуштадым. Менимче, атып салуу - ырайымсыз ыкма",- дейт Кулматов. 
Мэрияда өткөн жыйында вице-мэр Айгүл Рыскулова "Ала-Тоо" аянтындагы мрамор менен курулган имараттардын жана Улуттук филармониянын сыртын тазалоо боюнча сунуш киргизгени, Капиталдык курулуш башкармалыгы бул маселе менен алектенип жатканы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан