Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда 2016-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчылар кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынына карата өз учурунда даярдык көрүүнү жана ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо, чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алуу үчүн уюштуруу комитетин түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 12-февралда президенттик аппараттан билдиришти. Жарлыкка ылайык, уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр жетектейт. Комитетке тийиштүү иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгып, бекитүү тапшырмасы берилди.