Кытайда Кыргызстандагы Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун 2-фазасын курууну каржылоо тууралуу сүйлөшүү болду

Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 12-февралда Кытайдын транспорт жана коммуникация министри Ян Чуантан менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында транспорт-коммуникациялык тармактагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алышканын министрликтен билдиришти. Кыргызстандык министр Кытайдын "Эксимбанкынын" вице-президенти Сун Пин менен да жолугушуп, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун (Түндүк-түштүк кошумча унаа жолу) 2-фазасын курууну жана башка ири долбоорлорду каржылоо тууралуу сүйлөшүштү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан