Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы “Кумтөр” маселеси боюнча жыйын өткөрөт.
Жыйында Жогорку Кеңештин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан токтомдорунун өкмөт тарабынан аткарылышы талкууланат. Андан сырткары Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 6-февралындагы токтомунун аткарылышынын жүрүшү боюнча вице-премьер-министр Валерий Дилдин маалыматы угулат.
Айта кетсек, ушул жылдын январь айында өкмөт канадалык компания менен "Кумтөрдө" үлүштү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимдин долбоорун талкуулап, талаштуу жагдайлардын санын кыскартууга жетишишкенин жарыялаган.