Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында Өкмөт үйүндө кеңейтилген форматтагы жыйын өтөт. Күн тартибинде 2014-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга пландалган иш-аракеттердин облус, шаар башчылары тарабынан аткарылышынын жыйынтыгы каралат. Жыйынга министрлер, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жана шаар башчылары катышмакчы.