"Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров мамлекетке чыккынчылык кылды",- деп билдирди депутат Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясынын 13-февралдагы жыйынында. Анын билдиришинче, Шакиров канадалык тарапка “Кумтөр” улутташтырылбайт” деген кепилдик берип, Жогорку Кеңештин улутташтыруу боюнча чечимине каршы чыгууда.
“Шакиров "Жогорку Кеңеш “Кумтөрдү” улутташтырууга аракет кылып жатат" деп канадалык ишкерлер Кыргызстанга чочулап келбей жатышат. Биз аларга "эч кандай улутташтыруу болбойт" деп убада берип жатабыз” деп маалымат бериптир. Чиновник катары анын минтип айтууга укугу жок. Ошондуктан “Ата Мекен” фракциясы Шакировдун жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөткө сунуш киргизип жатат. Парламент өткөн жылы “Кумтөрдөгү” үлүштү теңме-тең бөлүштүрүү боюнча маселени карап, сүйлөшүү жүргүзүүгө 3 ай убакыт берген. Жыйынтык чыкпаса, улутташтыруу сунушун алып келүү боюнча чечим кабыл алынган”,- деди Текебаев.