Вице-премьер-министр Валерий Диль 12-февралда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Вице-премьер былтыр аба ырайынын кургакчылдыгынан улам суу аз болгондуктан, сууну эффективдүү пайдаланууга, аймактар боюнча электр энергиясынын лимитин азайтууга жана Бишкек ЖЭБинин басымын күчөтүүгө туура келгени айтылды. "Токтогул суу сактагычына суунун топтолушу 2014-жылы 83 пайызды түздү же болжолдонгон көрсөткүчтөн аз болду. Буга карабай 12 ай ичинде 2013-жылга салыштырмалуу 565,3 миллион киловатт-саат электр энергиясы ашыкча иштелип чыкты. Электр энергиясындагы дефицитти импорттолчу 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясы менен кыскарттык",- деп билдирди Диль.