Депутат Турсунтай Салимов "сойкукана" деп табылган өзүнүн эс алуучу жайы тууралуу билдирүү жасайт

Бүгүн, 13-февралда парламенттин КСДП фракциясынын жыйынында укук коргоо органдары тарабынан "сойкукана" деп табылган эс алуучу жайдын ээси депутат Турсунтай Салимов билдирүү жасайт. Бул тууралуу журналисттерге фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Фракциянын жыйынында 4 маселе каралмак, учурда 2-маселе каралууда. Депутаттын билдирүүсү күн тартибинин "ар кандай маселелер" пунктунда айтылышы күтүлөт.

Эскерте кетсек, 27-январда борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, анда көмүскө сойкукананын иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов бул жай анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун баса белгилеген. Бир нече убакыт өткөн соң ИИМ эл өкүлүнө таандык саунаны ижарага алып, көмүскө сойкукана кылып иштеткен жаран жоопкерчиликке тартыларын маалымдаган. Ошондой эле КСДП партиясынын коррупцияга каршы ички комиссиясы Т.Салимовдун депутаттык мандатын токтотуп турууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан