"Токтогул суу сактагычындагы суу жылына 12 миллиард метр кубдан ашыкча иштетилбеши керек". Муну депутат Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 13-февралдагы отурумунда айтты. Анын айтымында, өкмөт эл аралык нормаларды сактабаганы үчүн Кыргызстан энергетикалык кризиске кабылды. “Токтогул суусу Кыргызстанды электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, коопсуздугубузду да камсыз кылган ресурс. Ошон үчүн сууну үнөмдүү иштетүүбүз керек. Энергетика жана өнөр жай министрлигине сууну каалагандай нормада иштетүүгө жол бербешибиз зарыл. Эл аралык нормага ылайык, суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан ашып кетсе да министрлик сууну агызбашы керек. Ашып бара жатса, элдин талкуусуна коюп, өкмөт башчынын жоопкерчилигин алып гана агызышы шарт”,- дейт Текебаев.