Турсунтай Салимов: "Мага караштуу эс алуучу жайды "сойкукана" деп таап чыгуу - атайын уюштурулган иш"

Бүгүн, 13-февралда парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында депутат Турсунтай Салимов өзүнө караштуу жайдын "сойкукана" деп табылышы боюнча билдирүү жасады.

"Акыркы 2 аптанын ичинде менин атыма жаман сөздөр айтылып келди. Айрым басылмалар мени аябай жамандашты. Айтылган айыптоолор бир гана менин эмес, жалпы партия, партия лидери жана президентибиздин намысына терс таасир этет деп эсептейм. Анткени Алмазбек Шаршенович 2010-жылы мага ишенип, партиянын тизмесине өзү киргизген",- деди Салимов.

"Жакында мандатымды тапшырайын деп турганымда, таразанын бир жагына милицияны, экинчи жагына үй-бүлөмдү, партияны, президентти койдум. Таразанын экинчи тарабы мен үчүн оорураак болду. Акыркы мезгилде милицияга элдин ишеними жогорулап баратканын көрүп турабыз. Ошондуктан укук коргоочуларды каралагым келген жок. ИИМдин башчысына күнөө койгум келбейт, анткени анын жетекчилиги астында 17 миң кызматкер бар. Ал бардыгын көзөмөлдөй албайт. Тилекке каршы, алардын арасында жаман иш кылгандары бар",- деп кошумчалады депутат.

"Менин спорттук-көңүл ачуучу жайым 24 саат иштейт. Ага депутаттар, жеке ишкерлер, жөнөкөй жарандар келишет. Алар спорт менен машыгышат, саунага киришет, бирок комплексте эч кандай жыныстык кызмат көрсөтүлбөйт. Балким, рейд жүргүзгөндөр ушундай кызмат көрсөткөн кыздар жана спорттук-көңүл ачуучу жайдын администраторлору менен алдын ала макулдашып алышып, мени жаманатты кылууга аракеттенишкендир",- дейт Салимов.

Фракция Башкы прокуратурага арыз жазып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө Т.Салимовго колдоо көрсөтүү боюнча чечим чыгарды.

Эскерте кетсек, 27-январда борбор калаадагы Чыгыш-5 кичи районунда спорттук-көңүл ачуучу жайлардын бирине текшерүү жүргүзүлүп, анда көмүскө сойкукананын иштеп жаткандыгы аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунтай Салимов бул жай анын менчиги экенин ырастаган, бирок аны ижарага берип койгондугун айтып чыккан. Бир нече убакыт өткөн соң ИИМ эл өкүлүнө таандык саунаны ижарага алып, көмүскө сойкукана кылып иштеткен жаран жоопкерчиликке тартыларын маалымдаган. Ошондой эле КСДПнын коррупцияга каршы ички комиссиясы Т.Салимовдун депутаттык мандатын токтотуп турууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан