Европа союзу менен Кыргызстандын ортосундагы насыялык макулдашуу 3-окууда жактырылды
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 13-февралдагы жыйынында Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну 3-окууда жактырды. Ага ылайык, Европа союзу Кыргызстандын бюджетине жардам катары 30 миллион евро бөлөт. Анын 15 миллиону насыя болсо, 15 миллиону грант түрүндө берилмекчи. Ратификациялык макулдашууга 2014-жылдын 2-октябрында Бишкекте кол коюлган.