"Бишкекте катуу сабалып, зордукталып ооруканага түшкөн 2 жаштагы бала салмак кошо баштады" дейт дарыгер

"Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала салмак кошо баштады. Учурда ал сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок дале өзүнө келе элек". Мындай маалыматты бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди. 
"Азырынча баланын абалында олуттуу өзгөрүүлөр боло элек. Ал качан өзүнө келерин божомолдоо да кыйын. Эсиңиздерде болсо, ал бир нече убакыттан бери тамак-аш жута баштаган. Ошондон бери ал салмак кошуп, кичине толуп калды",- дейт Т.Өмүрбеков. 
Анын айтымында, учурда бала күнү-түнү 3 дарыгердин көзөмөлүндө. Буюрса, жакынкы убакыт аралыгында бала өзүнө келет деп үмүттөнүшүүдө. 
Айта кетсек, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Кийин соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын аныктаган болчу. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nurba90
2015-03-04 18:12:30
Айтканынар келсин Оомийн!
+3
beva63
2015-03-04 18:43:12
Аллахым колдоп шыпаасын берсин омиин
+3
Begimkyz
2015-03-04 19:03:54
Баланын апасы күнү-түнү карабайбы? Бир басып келгенге жараган жокпу? Ээхх, бала деп канчасы зарлап жүрөт.
+5
look
2015-03-04 19:20:59
кандай жакшы ушу баланы коруп врачтарда дагы кичине жоопкерчилик пайда болсо экен качан болбосун врачебный ошибка болуп канчалаган балдар азап чегуудо врачтар жакшылап карап коюшсун эми бул баланын да корор куну бар кудай талаам жаратканы чын болсо омурун узун кылсын бактылуу балдардан болсун эми.оомийин
+3
karona
2015-03-04 20:17:10
Ушул бала эмне болуп жатты экен,состояниеси жакшыбы, качан озуно келет экен деген суроолор журогуму ойуп келет. Кудай чын Ден соолук, узуун, бактылуу омур берсин! Кыргызымдын сыймыктанган жигиттеринен болсун.
+2
Bakulya79
2015-03-04 20:36:54
кудайым омур берсин.коп жаша......
+1
beka1207
2015-03-04 20:43:52
Бул омурдун ырахатын корбой жатып кордуктарын коруп койду бул наристе..кудайым омурун берсин
0
edil.kg
2015-03-04 22:05:11
Оо Жараткан озун шыпаанды бер оомин
0
Sadyrov_n93
2015-03-04 22:18:23
Ошондой эле болсунчу бечара бала,Аллахым бактылуу пенделеринен кылсынчы.
0
aydarken
2015-03-05 01:27:24
Атасыга эмне учун кылмыш иши козголду эле айтып койсонуздар?
0
admin_portal
2015-03-05 09:53:39
aydarken, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/103111/
0
kulpun88_kg
2015-03-05 09:28:45
оо жараткан ушу балага омур бер мин мин мин мерте тилип сураймын мен балага зар болуп журомун 4жарым айлык балам чарчап калды эч кимдин баласы кордук корушун калабайм
0
Pantherka
2015-03-05 11:53:52
Зордукталды деген айыпты жон эле тагып коюшкан жокпу??? Ичи катканда колун салганына адаштырышып...
-1
Nurtilek001
2015-03-05 12:24:02
Жакшы жанылык экен ылайым эле жылыш болуп тезирээк сакайып бактылуу балдардан болсун.
0
Bektur2
2015-03-05 13:43:20
Жараткан АЛЛАХЫМ колдоп жааратын женилдетип сакайтканда шыпасын берсин мындан кийинки жашосунда жалан жакшылыктар коштоп журсун
0
meerim94
2015-03-06 03:28:03
качан бир кубанычуу жанылык уга алабыз ! ар бир бетинде уройду учурган окуялар ???? ата энеси келесого керек эмес болсо эмнеге торойт! наристени азапка салып ! ар бир кадам учун жооп берерибизди унутбайлы! бул жашоодо кимди кандай кордосо 2 эсе болуп кайтат!!!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан